www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25–28-июнь күндөрү Филиппиндин Манила шаарында өткөн самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү катышып, жалпысынан 36 медаль жеңди. Анын ичинде 8 алтын, 10 күмүш жана 18 коло байге бар.
Чемпионаттын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.
Алтын медалдарды Дастан Исаков, Даниель Шаршенов, Куттубек Төлөшев, Бектен Эркебай уулу, Артур Манченко, Эмир Жаныбеков, Артур Сансызбеков жана Илья Сухинин багындырды.
Күмүш медалдарды Акак Усон кызы, Элмар Мамытканов, Жибек Омурзакова, Жеңишбек Жолдошов, Төрөбек Темирбек уулу, Байэл Жакшылыков, Феликс Уланбеков, Тимурлан Токтоболотов, Арсен Жумадилов жана Алымбек Адил уулу жеңип алышты.
Коло байгелерге Эркеайым Саматова, Шахнази Айбекова, Луиза Асакеева (эки категорияда), Дилбара Раимжанова, Кимал Оболбеков, Байбол Абдыманапов, Кайрат Жусуп уулу, Берик Бараканов, Аделина Бакасова, Байэл Исаков, Курманбек Замирбек уулу, Мээримай Нурадилова, Анастасия Колушева, Нурислам Памиров, Марал Байбосунов, Никита Ворошилин жана Искендер Саралаев ээ болушту.