www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022–2023-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 3 млн 737 миң 313 сомду түзгөн алты келишим түзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым жооптуу кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды өздөштүрүп, отчеттук документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизгени аныкталган.

Ошондой эле келишимдердин аткарылышына жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышына тиешелүү көзөмөл жүргүзүлгөн эмес.

Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, улгайган жарандарды, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоого багытталган каражаттар максаттуу пайдаланылган эмес.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379, 210 жана 348-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери менен эки кылмыш иши козголгон.

Учурда кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости