www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык командалык-штабдык машыгуусу башталды. Иш-чара 23-сентябрдан 25-сентябрга чейин өтөт.

Машыгуу Жарандык коргонуу органдарынын жана күчтөрүнүн өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттерин практикалык жактан текшерүүгө багытталган.

Иш-чарага ӨКМ министринин орун басары Алмазбек Асанов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Жарандык коргонуу түзүмдөрүнүн жетекчилери жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышууда.

Машыгуунун алкагында облус аймагында катталган шарттуу катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча практикалык иштер жүргүзүлөт.

Анын жүрүшүндө ыкчам топторду кырсык болгон аймакка жөнөтүү, урандылардын алдында калган жарандарды издөө жана куткаруу, жабыркагандарды эвакуациялоо, өрттү өчүрүү жана зыяндуу заттарды залалсыздандыруу иштери аткарылат.

Ошондой эле жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана калкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо боюнча аракеттер текшерилет.

Мындан тышкары, Жарандык коргонуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсү, атайын жана инженердик техникаларды колдонуу, башкаруу органдарынын ыкчам чечим кабыл алуусу жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга даярдыгы бааланат.

Машыгуу 2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планынын негизинде өткөрүлүүдө.

Последние новости