www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы кызматкерлери жана аларга байланыштуу адамдардын бөгөт чарасын карап, аларды 15-октябрга чейин №1 тергөө абагында калтырды.
Камакта калгандардын арасында УКМКнын мурдагы жетекчилери Элдар Жакыпбеков, Бердибек Боронбаев, Тилек Абдыкалыков жана спорт колледжинин мурдагы директору Айбек Ташматов бар. Аларга “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Элдар Жакыпбеков февралда кармалган, калган шектүүлөр да кийинчерээк колго түшүрүлгөн. Буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге байланыштуу 96 кызматкер кызматтан алынганын, 24 кызматкерге кылмыш иши козголгонун билдирген.