www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан жумуртка экспорттоо 440 эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Өткөн жылы сыртка жалпы баасы 10 миң сомду түзгөн 500 жумуртка экспорттолгон. Анын баары Казакстанга сатылган. 2022-жылы Кыргызстан 41 миң долларга 220 320 даана жумуртканы Өзбекстанга саткан болчу.

Ал эми импорт тууралуу айта турган болсок, Статком ар кандай маалымат көрсөтүүдө. Биринде 211 миллион, экинчисинде 8,7 миллион даана алып келингени жазылган.

Эске салсак, Кыргызстан тоок жумурткасынын импортунан көз каранды. Жакында эле Чүйдүн Ысык-Ата районунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен тоок фабрикасы ачылган. Анын жардамы менен өлкөнүн калкын жумуртка менен камсыздоо 60тан 70 пайызга чейин өсөт. 2026-жылы бул көрсөткүчтү 85 пайызга жеткирүү пландалууда.

Орточо физиологиялык керектөө нормасына ылайык, жылына ар бир кыргызстандык 182,5 жумуртка жеши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости