www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан «Этернал Энергия» компаниясынын кубаттуулугу 100 мегаватт болгон күн электр станциясы Кыргызстандагы өнөр жайлык масштабда курулган алгачкы күн электр станциясы болуп саналат.

Станциянын ишмердүүлүгү менен «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү менен Кытайдын «Жэньминь жибао» гезитинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында уюштурулган пресс-турдун катышуучулары жеринен таанышты.

230 гектар аянтты ээлеген долбоорго жалпысынан 56 миллион АКШ доллары инвестиция тартылган.

Күн панелдери автоматтык башкаруу системасы аркылуу күндүн кыймылына жараша өз алдынча бурулуп, күндүн нурун максималдуу деңгээлде кабыл алуу менен электр энергиясын натыйжалуу өндүрөт.

100 мегаватт кубаттуулук өлкөнүн энергетикалык системасын кошумча электр энергиясы менен камсыздоөгө салым кошууда.

Долбоордун кийинки этабында станциянын кубаттуулугун дагы кеңейтүү пландалган.

Пресс-турдун жүрүшүндө Кыргызстандын жана Кытайдын 30дан ашуун журналисти эки өлкөнүн кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор менен жеринен таанышууда.

Последние новости