www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Башкы прокуратуранын алдындагы «Укук» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо үчүн Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg электрондук порталдарын ишке киргизди. Платформалар 2026-жылдын 22-июлунан тартып пилоттук режимде иштеп жатат.
Жаңы система жумуш издеген жарандарды, иш берүүчүлөрдү жана мамлекеттик органдарды бирдиктүү санариптик чөйрөгө бириктирет. Жарандар бош жумуш орундарын көрүп, онлайн катталып, арыз берип, резюме жайгаштырып, иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзө алышат.
Иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын акысыз жайгаштырып, керектүү адистерди өз алдынча издей алышат. Порталдагы бардык кызматтар жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн акысыз көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, система эмгек рыногундагы суроо-талапты талдап, кайсы кесиптерге жана аймактарга адистер жетишпей жатканын аныктоого жардам берет. Бул маалыматтар кадрларды даярдоо жана мамлекеттик саясатты пландаштырууда колдонулмакчы.
Кийинки этапта жеке сектор үчүн «Электрондук эмгек келишими» жана «Электрондук эмгек китепчеси» модулдарын киргизүү пландалууда. Санариптештирүү ишке орноштуруу процессиндеги адам факторун жана негизсиз кийлигишүү тобокелдигин азайтууга багытталган.