www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ВИЧти 13 256 адам алып жүрөт

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана ВИЧке каршы күрөшүү борборунун маалыматында, 2024-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 13 256 адам ВИЧ инфекциясын алып жүрөт.

Булардын ичинен 735 адам башка мамлекеттердин жараны. Ал эми 12 054 адам кыргызстандыктар. ВИЧ инфекциялуу бейтаптардын 7571и - эркектер, 4473ү аял. Илдетке 755 бала чалдыккан.

Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон.

Ооруга кабылгандардын эң көбү Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Ош облусунда.

Кыргызстанда жыл сайын 800 миңге жакын адам акысыз текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Вирус аныкталгандарга эл аралык донорлордун көмөгү менен дары-дармек акысыз берилет. Ал дарылар вирусту биротоло жок кылбайт, бирок дарттын өтүшүп кетишинен сактайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, жер жүзүндө ВИЧ жугузган 40 миллиондой адам катталган. Дарт дүйнөдө алгач 1981-жылы, Кыргызстандагы биринчи учур 1996-жылы катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости