www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасында социалдык контракт механизми алкагында ишкердик демилгелерди колдоо жана өнүктүрүүгө багытталган пайызсыз кредит берүү программасынын үчүнчү этабы бекитилди.

2024-жылдан тартып социалдык контракттын катышуучуларына мурда бөлүнгөн каражаттардын эсебинен түзүлгөн бизнесин же көмөкчү чарбасын кеңейтүү максатында пайызсыз кредиттер берилүүдө. Учурда бул механизм үчүнчү жыл катары менен ишке ашырылып келет.

Программанын негизги максаты — социалдык контракттын катышуучулары тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган ишкердик демилгелерди мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзүү, ошондой эле чакан бизнес жана көмөкчү чарбаларды кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү.

Программага социалдык контракттын алкагында өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү баштап, аны жүргүзүп жаткан, ишкердик субъект катары катталган (жеке ишкер, патент же жоопкерчилиги чектелген коом) жана кредиттик тарыхы таза жарандар катыша алышат.

Бекитилген бизнес-планга ылайык, катышуучулар 3 жылдык мөөнөткө 200 000 (эки жүз миң) сомго чейин пайызсыз кредит алууга мүмкүнчүлүк алышат. Кредит боюнча 3 айлык жеңилдик мөөнөтү каралган (бул мезгилде төлөм жүргүзүлбөйт). Андан соң негизги карыз 3 жыл ичинде ай сайын тең бөлүктөрдө төлөнөт. Пайыздык чыгымдар социалдык колдоо механизми катары мамлекет тарабынан жабылат.

Программага катышуу үчүн жарандар төмөнкү банктарга кайрылышы зарыл:
A-Bank
Элдик Банк
Программа социалдык контракттын катышуучуларынын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жана туруктуу киреше булактарын түзүүгө багытталган.

Последние новости