www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-июнда, "75чилердин каты" деп аталган иш боюнча биринчи ачык сот отуруму өтүп жатат. Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда судья сот залында сүрөт жана видео тартууга уруксат берди. Бирок, судьяны, прокурорду жана соттун катчысын видеого тартууга тыюу салынды.
Сот буга чейин жабык эшик артында өтүп келген. Жактоочулардын бир катар өтүнүчүнөн кийин сот ачык өтмөй болду.

Иш боюнча сегиз адам шектелүүдө: Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев, Бекболот Талгарбеков, Аалы Карашев, Курсан Асанов, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев.
Сот 15-июнга чейин айрым күбөлөрдү сураган. Алардын арасында мурдагы мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол (2008-2009-жылдар), Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Иса Өмүркулов, маданият ишмери Ибрагим Жунусов, мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов бар.
Сүрөт: kaktus.media