www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда сасык тумоонун В түрү жүрүп жатат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиришинче, учурда Кыргызстанда сасык тумоонун В түрү жүрүп жатат. Анын айтымында, кырдаалга байланыштуу мобилдик клинакалар ачылды.

"Мурда балдардын ооруганы боюнча 1,5 миң учур катталса, азыр күнүнө 400 бала катталып жатат. Бул ковид эмес, азыркы учурда ковиддин беш эле учуру аныкталды. Бул грипптин В түрү", - деди министр.

20-декабрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, соңку бир аптада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 11 575 адамга жеткен. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 43,4 пайызга көп.

Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүн аба салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшүнө жана көпчүлүгү ооруганда жатып дарыланбай, башкаларга жугузуп жатканына байланыштырды. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости