www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев тууну өзгөртүү боюнча пикирин билдирди. Ал демилгени колдой турганын, бирок желек көк түстө болушу керектигин айтты.

«Кечээ туу боюнча маселени карап жатканда мен жок элем. Менин кнопкам басылбай калыптыр. Негизи өзгөртүүнү колдойм, бирок мен көк түстө болсун деп жатам. Баарыбир мен кийин көктү киргизем», — деди ал.

Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев: «Көгөрүп жүрүп киргизем деп аракет кылып жатасыз дагы деле», — деп күлүп койду.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда карап, талкуусуз кабыл алган. 59 депутат макул, 5 депутат каршы добуш берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости