www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда сасык тумоо менен КРВИ ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 6-жумасында (05.02-011.02.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 7216 учуру катталды. Ооругандардын ичинен 68,8%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрдан тарта 1 миң 641 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда.

Республикада КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын санынын көптүгүнөн жабылган мектеп жана бала бакчалар жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости