www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз жумушка алган жана кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзам бузуу менен ишке орноштурган жарандар менен компанияларга карата жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, учурда чет өлкөлүктү мыйзамсыз жумушка алган жеке жакка 20 миң сом, юридикалык жакка 65 миң сом өлчөмүндө бир жолку айып салынат. Жаңы сунушта болсо айып ар бир мыйзамсыз иштеген чет өлкөлүк үчүн өзүнчө эсептелет.
Мисалы, бир жаран тиешелүү уруксат документтери жок 5 чет өлкөлүктү жумушка алса, ага 100 миң сом айып салынат. Ал эми компания ушундай эле мыйзам бузууга жол берсе, 325 миң сом айып төлөйт.
Мындан тышкары, кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча уруксатсыз иш жүргүзгөндөр үчүн да айыптар көбөйтүлөт. Сунушка ылайык, жеке жактар үчүн айып 15 миң сомдон 20 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомдон 100 миң сомго чейин жогорулатылат.
Эгер мындай мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайра кайталанса, жеке жактарга 30 миң сом, юридикалык жактарга 150 миң сом өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.
Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда.