www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын окутуунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган демилге Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында ишке ашып жатат.

Тренингдердин биринчи этабында 820 тарбиячы окутулду. Бул адистер "Балалык" программасы боюнча 3 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүндө негизги ролду ойнойт.

"Окутулган тарбиячылардын 700ү кыска мөөнөттүү 500 бала бакчада өз ишин баштайт, ал эми 120 адис 60 балдарды өнүктүрүү борборунда иштейт. Бул мекемелер өлкө боюнча миңдеген балдарга сапаттуу мектепке чейинки билим берип, аларга жашоонун мыкты башталышын камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.

Окутуунун экинчи этабы 2024-жылдын май-июнь айларына пландаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости