www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 7–12-апрель күндөрү Кыргызстанда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Агенттиктин директору Казыбек Молдажиев Күрөш федерациясынын мүчөлөрү менен чемпионатка даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өткөрдү.
Анда спорттук инфратүзүмдөрдү даярдоо, командаларды жайгаштыруу, логистика, катышуучуларды жана ЖМКларды аккредитациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле коопсуздук чараларын камсыздоо, медициналык тейлөө жана расмий делегациялар үчүн маданий программаларды даярдоо планы каралды.
Жыйындын жыйынтыгында Казыбек Молдажиев континенттик мелдешти эл аралык стандарттарга ылайык жана жогорку деңгээлде өткөрүүнү тапшырды.