www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Мамытов өзүнүн шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, учурдан пайдаланып ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

«Элибизде тынчтык жана береке болсун. Урматтуу депутаттар, сиздер менен бирге мамлекетке ак кызмат кылалы, эл үчүн иштейли. 2020-жылы кырдаал курчуп турган учурда парламент чогулуп, ынтымакка чакырып, туруктуулукту сактоого салым кошкон. Мындан ары саясий интригаларга аралашпай, алдыга умтулалы. Бул жерде 6-чакырылыштагы кесиптештерди көрүп, кубанып турам. Кандай сүйлөшүүлөр болбосун мыйзам жогору турат. Бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан саясатты колдоп, элдин үнүн жеткирүү», — деди ал.

Ошондой эле ал 76 аксакалдын кайрылуусуна токтолуп, алардын кайрылуусун Жогорку Кеңешке алып келүү туура эмес болгонун белгиледи жана ЖК төрагасы Марлен Маматалиевге ийгилик каалап, мурдагылардын катасын кайталабоону билдирди. 

Эске сала кетсек бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карабекованын ант берүү аземи болуп өттү.

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кыскача маалымат берди.

Андан соң Тынчтык Шайназаров жаңы шайланган депутаттарга күбөлүктөрдү жана атайын үлгүдөгү төш белгилерди тапшырып, ант берүү аземи орун алды.

Последние новости