www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун нефть азыктары менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө нефть азыктарын жеткирүү, резервдердин көлөмү жана логистика маселелери талкууланды.
Жеткирүүлөрдүн туруктуулугуна, ички рынокто тартыштыктын алдын алууга жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү учурдагы абал жана процесстерди оптималдаштыруу боюнча сунуштар жөнүндө баяндама жасашты.
Учурдагы кырдаалдын контекстинде министрлер кабинетинин токтому менен мурда Кыргызстандан Евразия экономикалык союзунун бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана нефть азыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынгандыгы өзгөчө белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга күйүүчү-майлоочу майлардын баасын түзүүгө көзөмөлдү күчөтүү жана жетиштүү резервдерди түзүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Ал рыноктогу кырдаалдын ар кандай өзгөрүүлөрүнө ыкчам чара көрүү жана жарандарды жана ишканаларды жетиштүү көлөмдө нефть азыктары менен камсыз кылуу үчүн өз убагында чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.