www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет өлкөлүктөргө Кыргызстандан карын эне (суррогатная мать) кызматынан пайдаланууга тыюу салуу сунушталды. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгечилер — Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажыбаевдин айтымында, өзгөртүүлөр аял менен балдардын укуктарын жана ден соолугун коргоого, ошондой эле кызматтын коммерциялашуусун азайтууга багытталган.
Учурда мыйзамдар чет өлкөлүктөргө Кыргызстандан карын эне менен келишим түзүүгө уруксат берет. Бул тармак жашыруун болгондуктан так статистика жок.
Авторлор мындай чектөөлөр башка өлкөлөрдө да бар экенин белгилешет. Орусияда 2022-жылдан бери карын эне кызматынан өлкөнүн жарандары гана пайдалана алат. Казакстанда ушундай чектөө 2026-жылдын 26-июлунан тарта күчүнө кирди. Кыргызстанда карын эне кызматы 2005-жылдан бери колдонулуп келет.