www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Глобалдык акча жумалыгы башталды

30-марттан тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өнөктүк «Акчаны туура колдонуу — үйдө береке болгону» деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды контролдоо жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет.

30-марттан 3-апрелге чейинки Глобалдык акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик орган, коммерциялык банк, финансылык компания жана билим берүү мекемелери менен биргеликте ачык сабак, семинарлар, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюн жана викториналар өткөрүлөт.

Глобалдык акча жумалыгынын иш-чаралар планы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана www.finsabat.kgсайтында жайгаштырылган.

Последние новости