www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда электромобиль чогултуучу завод курулат

Кыргызстанда электромобиль чогултуучу завод ишке киргизүү боюнча долбоор каралууда. Ишкана 2026-жылы эле иштей башташы мүмкүн.

Экономика министринин орун басары Султан Ахматовдун маалыматына караганда, долбоорго ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден инвесторлор тартылат. Заводго бажылык жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Министрликтин өкүлү белгилегендей, өлкөдө электромобилдерди чогултуу жолго коюлса, аларды сырттан жеңилдетилген шартта алып кирүүгө каралган квотага болгон муктаждык азаят.

Долбоор ишке ашса, Кыргызстанда электромобиль рыногун өнүктүрүүгө жана автоунаа чогултуу тармагын кеңейтүүгө шарт түзүлүшү мүмкүн.

Последние новости