www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда банк сектору олуттуу өсүү динамикасын көрсөтүүдө. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жыл башталгандан тарта өлкө калкы 477,7 миллиард сом өлчөмүндө насыя алган. Бул көрсөткүч экономикалык активдүүлүктүн жогорулаганын жана жарандардын банктык кызматтарга болгон ишениминин артканын айгинелейт.

Сандарга кайрылсак, банктардын жалпы активдери 38 пайызга өсүп, 1 триллион 125,2 миллиард сомго жеткен. Бул банк системасынын каржылык туруктуулугу бекемделип жатканын көрсөтөт. Активдердин өсүшү банктардын ишмердүүлүгү кеңейип, экономиканын реалдуу секторуна көбүрөөк каражат багытталып жатканынан кабар берет.

Айрыкча көңүл бурдурган көрсөткүч берилген насыялардын көлөмүнүн артканын айтсак болот. 2024-жылга салыштырмалуу алынган насылар 40,2 пайызга көбөйүп, дээрлик жарым триллион сомго жетти. Бул бизнеске, ипотекага, керектөөчү насыяларга жана айыл чарбасына берилген каржылоонун кеңейгенин билдирет. Эксперттердин пикиринде, мындай өсүш ички рыноктун жанданышын шарттап, жумуш орундарын түзүүгө жана өндүрүштүн өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, Кыргызстанда ислам принциптерине ылайык каржылоо да активдүү өнүгүүдө. Бул сегментте өсүү 91,5 пайызды түзүп, каржылоонун жалпы көлөмү 17,3 миллиард сомго жеткен. Бул жарандардын альтернативдүү каржылык инструменттерге кызыгуусу артып жатканын жана банк системасы ар түрдүү кардарлардын муктаждыгына ыңгайлашып жатканын көрсөтөт.

Калктын банк системасына болгон ишенимин депозиттик көрсөткүчтөр да тастыктайт. Депозиттик база 35 пайызга өсүп, 800 миллиард сомго жеткен. Бул жарандардын акчасын “үйдө сактабай”, банк аркылуу жүгүртүүгө өткөрүп жатканын, башкача айтканда, финансылык маданияттын жогорулап жатканын билдирет.

Учурда өлкөдө 21 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш алып барып, калкка жана ишкерлерге кеңири кызмат көрсөтүүдө. Аймактарда банктык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү да акырындык менен кеңейип жатат.

Банк секторундагы мындай өсүш Кыргызстан экономикасынын турукташып, ички каржы ресурстарынын активдүү иштей баштаганынан кабар берет. Бирок адистер насыялардын көлөмү менен катар алардын кайтарымдуулугуна жана сапатына да өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин эскертишет. Анткени туруктуу өнүгүү жоопкерчиликтүү каржылоодон башталат.

Последние новости