www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Chevrolet Tahoe жолтандабасы чыгарыла баштады

Кыргызстанда Chevrolet Tahoe премиум жолтандабасы жана Chevrolet Damas коммерциялык автоунаасынын өндүрүшү расмий башталды. Бул унаалар Тулпар Моторс заводунда чогултулат.

6,2 литрлик, 420 ат күчүнө ээ Tahoe компания чыгарган алтынчы модель болуп калды. Буга чейин завод Chevrolet Cobalt, Chevrolet Onix, Chevrolet Tracker жана Chevrolet Captiva сыяктуу унааларды чыгарып келген.

2025-жылы өлкөдө автоөндүрүш көлөмү 5 млрд сомго жетип, завод 1680 унаа саткан. 2026-жылы кеминде 3000 автоунаа чыгаруу пландалууда.

Компания жакын арада өлкө боюнча 10го чейин сатуу борборун жана сервис кызматтарын ачууну көздөйт. Ошондой эле келечекте Chevrolet Suburban, Chevrolet Traverse жана Chevrolet Captiva PHEV моделдерин чыгара баштайт.

Последние новости