www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда биринчи жолу казиного лицензия берилди

Кыргызстанда биринчи жолу казино ачууга лицензия берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы көзөмөл органынын сайты билдирди.

Документтерди «ГРАНД КАЗИНО» ЖЧКсы кабыл алып, лицензия үчүн 84 миллион сом төлөгөн.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүсү Адилет Абдыманапов. Фирма өткөн жылдын ноябрь айында Бишкекте катталган.

Эске салсак, оюн-зоок ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кароо коомдо бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Анын кабыл алынышына каршы болгондор борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Жогорку Кеңеште да талаш-тартыштар жаралган. Парламент бешинчи аракетинде гана кумар оюндары боюнча мыйзамды кабыл ала алган. Адахан Мадумаровдун фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, иш жүзүндө процедурага тоскоолдук кылышкан.

Президент Садыр Жапаров казинолор жөнүндө мыйзамга 2022-жылдын 30-июнунда кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости