www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасында бир нече жылдан бери жаңы төрөлгөн ымыркайлардын аудиологиялык скрининг программасы ырааттуу өнүгүп келет — бул балдардын угуу жөндөмүнүн бузулушун эрте аныктоонун маанилүү чарасы. Бүгүнкү күндө адистер баса белгилешет: баланын өмүрүнүн алгачкы күндөрүндө угуусун текшерүү ар бир бала үчүн милдеттүү этап болушу керек, анткени дал ушул угуу жөндөмү сүйлөөнүн, ой жүгүртүүнүн жана толук кандуу баарлашуунун өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт.
Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР-дарыгери жана Кыргыз Республикасындагы балдардын аудиологиялык скрининг долбоорунун менеджери Мунар Бейшенова айтып берди. Анын айтымында, бала угабы же жокпу, аны өмүрүнүн алты айына чейин аныктоо зарыл. Эгерде көйгөй өз убагында аныкталбаса, сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүшү кечеңдеп же таптакыр токтоп калышы мүмкүн, ал эми кечирээк курактагы реабилитация бир топ татаалдашат жана дайыма эле күтүлгөн натыйжаны бере бербейт.
Кыргызстанда аудиологиялык скрининг программасы 2017-жылдан бери иштеп келет. Ага ТИКАнын колдоосу менен старт берилген, ал эми андан ары өнүгүүсү медициналык мекемелерди керектүү жабдуулар менен камсыздоого жардам берген ЮНИСЕФтин көмөгү менен уланды. Бүгүнкү күндө текшерүү этап-этабы менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта жаңы төрөлгөн ымыркайлар түздөн-түз төрөт бөлүмдөрүндө текшерилет. Эгерде бала биринчи скринингден өтпөй калса, текшерүү 7–30 күндүн ичинде кайталанат, анткени баланын кулагында суюктук болушу же кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Эгерде кайра текшерүүдө да шек сакталса, наристе тереңдетилген диагностикага — КСВП изилдөөсүнө жөнөтүлөт, ал угуунун абалын так аныктоого жана зарыл болгон учурда, дарылоону жана реабилитацияны өз убагында баштоого мүмкүндүк берет.
Диагностикадан кийин адистер андан аркы дарылоо жана реабилитациялоо тактикасын тандашат. Угуусу жарым-жартылай жоголгон учурда балдарга угуу аппараттары дайындалат жана комплекстүү реабилитация жүргүзүлөт. Эгерде толук дүлөйлүк аныкталса, бала кохлеардык имплантацияга жөнөтүлөт. Мындай операциялар Кыргызстанда 2018-жылдан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалып келет, ал эми учурда Катардын колдоосунун аркасында алар акысыз аткарылууда. Операциядан кийин балдар адистердин көзөмөлүндө узак мөөнөттүү реабилитациядан өтүүнү улантышат.
Бүгүнкү күндө аудиологиялык скрининг өлкөнүн бир катар төрөт үйлөрүндө — Бишкекте, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жүргүзүлүүдө. Эгерде региондо жабдуу жок болсо, балдар электрондук жолдомо менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жөнөтүлөт, ал жерден аларды сурдологдор текшеришет.
Адистердин айтымында, мындан бир нече жыл мурун балдардын угуусунун бузулушу көбүнчө 3–6 жаш курагында гана аныкталчу, ал кезде натыйжалуу коррекциялоо мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгон. Азыр кырдаал бара-бара өзгөрүүдө. 2025-жылы эле 30 миңден ашык жаңы төрөлгөн ымыркай скринингден өттү. Дүйнөлүк статистикага ылайык, миң баланын ичинен бирден үчкө чейинкиси угуусунун бузулушу менен төрөлөт. Кыргызстанда жыл сайын 138 миңге жакын бала төрөлөрүн эске алсак, болжол менен 130–300 жаңы төрөлгөн наристеде тубаса угуу кемтиктери болушу мүмкүн. Дал ушул себептен эрте диагностика чечүүчү мааниге ээ — өз убагында аныктоодо жана туура реабилитациялоодо балдар толук кандуу өнүгүүгө жана ийгиликтүү социалдык адаптацияга чоң мүмкүнчүлүк алышат.

Аудиологиялык скрининг — бул баланын келечегин өз убагында угуу мүмкүнчүлүгү жана ага теңтуштары менен бирдей өсүп, өнүгүүгө жана сүйлөөгө берилген мүмкүнчүлүк.