www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Президенттин Администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине өзгөртүүлөр киргизилип, Президентке караштуу комиссиялардын жооптуу катчыларынын, Администрациянын сектор башчыларынын, башкы эксперттеринин жана мамлекеттик инспекторлорунун кызматтык макамы такталды.
Ошондой эле Президенттин Администрациясы жөнүндө жобого өзгөртүү киргизилип, анын түзүмүндөгү «бөлүмдөр, борборлор жана секторлор» деген сөздөр «катчылык» түшүнүгү менен толукталды.
Мындан тышкары, Президенттин Администрациясынын жаңыланган түзүмү жана штаттык саны бекитилип, буга чейинки айрым жоболор күчүн жоготту деп табылды.
Маалыматка ылайык, жарлык мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, Президенттин Администрациясынын ишин заман талабына ылайык өркүндөтүүгө жана башкаруу механизмдерин жакшыртууга багытталган.