www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республика боюнча бүгүнкү күндө 95 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Анын ичинен тракторлор 22389 даана, соколор 11544 даана, үрөн сепкичтер 3468, малалар 15467 даана, жер семирткич чачкычтар 822 даана, арык казгычтар 1731 даана, жер тегиздегичтер 2023 даана, трактор чиркегичтери 9169 даана жана башка техникалар.
Республиканын аймактарында жазгы талаачылык айдап себүү жумуштарына карата айыл чарба субъектери тарабынан айыл чарба техникаларын оңдоп түзөө жана ремонтоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр.
Азыркы учурда айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 89% түздү. Республика боюнча талаачылык жумуштарына бардыгы болуп 22389 трактордун ичинен 1972 трактор, же жалпы тракторлордун санынын 88%, соколордун 90%, үрөн сепкичтердин 90%, малалардын 90%, жер семирткич чачкычтардын 92%, арык казгычтардын 88%, жер тегиздегичтердин 88%, трактор чиркегичтеринин 88% даяр. Талаачылык жумуштарын аткарууга жалпы региондорду алганда жалпысынан 8 миңден ашык жер айдоочу жана 3,5 миңден ашык себүүчү агрегаттар өнөктүккө катышууда.