www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-француз кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланып, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болду. 

Эльвира Сурабалдиева Франция жана жалпы Европа өлкөлөрү менен өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: «Жогорку Кеңеш парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо аркылуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр», – деди.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык тууралуу сөз кылган комитет төрайымы аны кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып: «Кыргызстан энергетика, медицина, айыл чарба, транспорт, туризм жана критикалык минералдарды иштетүү сыяктуу тармактарга Франциядан инвестиция жана технологияларды тартууга кызыкдар», – деп билдирди.

Мындан сырткары маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерине да токтолуп, Кыргызстанда француз тилин, маданиятын жана искусствосун жайылтууга багытталган «Франкофония жазы» аттуу иш-чараны жыл сайын өткөрүү тууралуу Франция элчилигинин демилгесин колдоду.

Өз кезегинде элчи Николя Фай жылуу кабыл алуу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, Франция Кыргызстан менен кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин белгиледи. Ал айрыкча туризм, саламаттык сактоо жана транспорттук инфраструктура тармактарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду.

Муну менен катар билим берүү тармагындагы алакалар тууралуу да кеп кылып, мектептерде француз тилин окутууну колдоонун жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-француз кызматташтыгын бардык багыттар боюнча мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин баса белгилешти.

Последние новости