www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Анда мындай деп айтылат:

«Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 6-апрель - Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктайм!

Спорт - бул ден соолуктун кепилдиги. Андыктан, спортту өнүктүрүү, айрыкча жаштар арасында дени сак жашоо образын жайылтуу мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты. 

Өзүңүздөр жакшы билгендей, соңку жылдары спорт тармагына астейдил көңүл бурулуп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга да өзгөчө басым жасалып жатат.

Албетте кыргыз спортунун тарыхы өзгөчө. Кожомкулдай, Каныбектей балбандарыбыздын жолун улантып, кызыл байрагыбызды дүйнөлүк жана эл аралык мелдештерде желбиретип келе жаткан уул-кыздарыбыз арбын. Буйруса Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Мунарбек Сейитбек уулу, Денис Петрашов сындуу кыргыз спортчулары дагы далай мелдештерде ийгилик жаратат деген ишеничтебиз. 

Бирок бул үчүн бизге дагы көп иштерди жасоо милдети турат. Биз спортту эл аралык мелдештер үчүн эле эмес, элибиздин саламаттыгын чыңдоо үчүн да өнүктүрүшүбүз керек. Ошондо гана дени сак, күчтүү мамлекетти түптөй алабыз.

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден соолук, спорттук чоң жетишкендиктерди жана жаңы жеңиштерди каалайм!»

Последние новости