www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Адам ресурстарын өркүндөтүү үчүн стипендиялар программасынын” алкагында Кыргызстан Жапониянын өкмөтүнөн 2.26 млн доллар кайтарымсыз жардам алды. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Руслан Татиков Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Гранттык макулдашууга кыргыз тараптан Татиков, жапон тараптан Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (JICA) уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки 2-августта, Бишкекте кол койду. Кол коюу аземине Жапониянын Бишкектеги элчиси Хидэки Года, Жапониянын парламенттик тышкы иштер боюнча вице-министри Ёсикава Юуми жана Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров да катышты.

Руслан Татиковдун билдиришинче, алынган каражаттар мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана кадрларды даярдоого жумшалат. Программанын алкагында кыргызстандык мамлекеттик кызматкерлер жапон жергесине барып, окуп, тажрыйба алып келет.

Ушул тапта Кыргызстан Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине (JICA) 166,53 млн доллар (14 млрд 586,36 млн сом) карыз.

Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзгөн. Мунун 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз, 1 млрд 177,94 млн доллары ички карыз. (

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости