www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Кытай Элдик Республикасына болгон иш сапарынын алкагында кытайдын эң чоң компанияларынын бири Kaifa (Shenzhen Kaifa Technology) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында, 2026-жылга 300 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу келишимине кол коюшту. Алдыда дагы 90 миң даана акылдуу эсептегич сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
"Энергетика тармагындагы финансылык тартипти чыңдоодо автоматташтырылган эсепке алуу системасы (АСКУЭ) маанилүү роль ойноду. 2025-жылдын аягына чейин өлкө боюнча 500 100 даана акылдуу эсептегичтер орнотулуп, «Кыргызстан УЭТ» ААК 2025-жылы орноткон акылдуу эсептегичтердин жалпы саны 923 миңден ашты. Бул эсепке алуунун тактыгын жогорулатып, электр энергиясын жоготууну 11,7 пайыздан 10,6 пайызга түшүрдү, жоготуунун азайышы менен орточо тариф менен алганда 373,8 млн. сом үнөмдөөгө жол ачылды", - деп айтылат маалыматта.
Андан тышкары акылдуу эсептегичтерди орнотуунун алкагында 415 штаттык бирдик кыскарып, 291,2 млн.сом эмгек акынын эсебинен азайды. Натыйжада "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын кирешелүүлүгү өсүп, мамлекеттик бюджетке болгон басым да азайды.
Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана энергетика тармагын модернизациялоого, электр энергиясын реалдуу убакытта так эсептөөгө жана жоготууларды азайтууга багытталган.