www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Осмонкул көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү бүгүн, 30-марттан баштап жол кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Осмонкул көчөсүндөгү жолду реконструкциялоого байланыштуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы түтүктөрдү алмаштырууну пландаштырууда.
Бул бөлүккө жалпы узундугу 260 метр болгон 2Ду300 мм диаметрдеги жылуулук магистралын алмаштыруу кирет.
Жылытуу магистралынын бул бөлүгү 1984-жылдан бери иштеп келет жана учурда техникалык жактан начар абалда, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн оңдоону талап кылат.
Инженердик коммуникацияларды алмаштыруу иштери аяктагандан кийин, асфальт-бетон төшөлмөсү жол кызматтары тарабынан калыбына келтирилет.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаардын инфраструктурасынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштерден улам келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.