www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу фактысы аныкталган.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Э.» аттуу жаран Тажикстандан Кыргызстандын аймагына өзгөчө ири өлчөмдөгү гашиш баңгизатын мыйзамсыз алып келип, сатуу максатында ташып жүргөнү тууралуу маалымат алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1993-жылы туулган Э.Э.Й. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Кармалган жарандын өзүн жана автоунаасын тинтүү учурунда сары түстөгү скотч менен оролгон үч таңгак баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы 3 килограммды түзгөн.

Андан кийин шектүүнүн жашаган жеринде жүргүзүлгөн шашылыш тинтүүдө дагы 31 таңгак баңгизат табылып алынган. Алардын жалпы салмагы 31 килограмм 398 грамм болгон. Натыйжада алынган баңгизаттын жалпы көлөмү 34 килограмм 448 граммды түзгөн.

Учурда алынган заттардын так түрүн жана салмагын аныктоо үчүн соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Милициянын маалыматына караганда, Тажикстандын аймагынан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга тиешеси бар кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын жана ыкчам маалымат алмашуусунун негизинде коңшу өлкөнүн аймагында кошумча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан 14 килограмм гашиш жана 1 килограмм апийим алынган.

Мындан сырткары, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү каналына тиешеси бар деп шектелген 1995-жылы туулган Х.Т.Т. аттуу жаран кармалганы маалымдалды.

Последние новости