www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү Европанын мыйзамсыз мигранттарын Борбордук Азиядагы (Казакстан, Өзбекстан) өлкөлөргө жайгаштыруу боюнча маалыматтар талкууланып жатат. Айрымдар мындай жагдайды мүмкүнчүлүк катары көрсөтүп, эгер Кыргызстан дагы мигранттарды кабыл алса, анын ордуна инвестицияларга, жеңилдиктерге же саясий колдоолорго ээ болушу мүмкүн деген ойлорду айтышууда.

Бир караганда бул прагматикалык сунуштай көрүнүшү мүмкүн. Бирок мамлекеттин келечегин кыска мөөнөттүү кызыкчылыктардын негизинде эмес, узак мөөнөттүү улуттук стратегиянын негизинде баалоо зарыл.

Эң биринчи суроо: Кыргызстанга мыйзамсыз мигранттарды жайгаштыруунун кандай объективдүү зарылдыгы бар? Өлкөдө эмгек ресурстары жетиштүү. Тескерисинче, жүз миңдеген кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Демек, биздин мамлекет жумушчу күчүнө муктаж болгон өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Мындай шартта башка мамлекеттердин миграциялык көйгөйлөрүн мойнубузга алуу улуттук муктаждыктан эмес, тышкы кызыкчылыктардан улам гана түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Экинчи жагдай – демографиялык жана социалдык коопсуздук маселеси. Көпчүлүк мамлекеттер миграция маселесине өтө этият мамиле кылышат. Себеби көзөмөлсүз миграция убакыттын өтүшү менен социалдык чыңалууга, инфраструктуралык басымга, эмгек рыногунда атаандаштыктын күчөшүнө жана маданий интеграция көйгөйлөрүнө алып келиши мүмкүн. Бул көрүнүштөрдү бүгүн Европанын өзү башынан өткөрүп жатканын көрүп турабыз. Демек, башкалар чече албай жаткан көйгөйдү өзүбүзгө алып келүү акылга сыярлык саясат болуп эсептелбейт.

Үчүнчүдөн, инвестиция менен миграциялык келишимдерди аралаштыруу жаңылыш түшүнүк. Чыныгы инвестиция өлкөнүн мыйзамдуулугуна, саясий туруктуулугуна, экономикасынын ачыктыгына жана рыноктук мүмкүнчүлүктөрүнө жараша келет. Эгер мамлекет инвестиция алуу үчүн өзүнүн демографиялык же улуттук коопсуздук саясатын соодалашууга даяр болсо, анда бул көз карандысыз стратегиянын эмес, алсыз позициянын белгиси болуп калат.

Коомдук пикирди акырындап "бир аз жеңилдик үчүн баарына макул болуу керек" деген ойго көндүрүү да кооптуу көрүнүш. Бул маалыматтык манипуляциянын бир формасы болуп саналат. Анткени ал маселени улуттук кызыкчылык призмасынан эмес, убактылуу пайда призмасынан кароого түртөт. Мамлекеттердин тарыхында дал ушундай чечимдер кийин ондогон жылдар бою чечилбей турган көйгөйлөрдү жараткан учурлар аз эмес.

Кыргызстандын негизги байлыгы – анын жери, эли жана эгемендүүлүгү. Бул баалуулуктар кандайдыр бир экономикалык жеңилдиктерге же убактылуу саясий дивиденддерге алмаштырыла турган товар эмес. Өлкө өзүнүн өнүгүүсүн билимге, өндүрүшкө, технологияга жана ички мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө негиздеши керек. Ал эми башка мамлекеттердин миграциялык көйгөйлөрүн чечүү Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жолу боло албайт.

Улуттук кызыкчылык деген – бүгүнкү күндүн эмес, келечек муундардын кызыкчылыгы. Ошондуктан кандай гана сунуш болбосун, алгач анын он же жыйырма жылдан кийинки кесепетин ойлонуу зарыл. Мамлекеттин келечегине таасир эте турган маселелерде утурумдук пайда эмес, узак мөөнөттүү жоопкерчилик үстөмдүк кылышы керек. Андыктан, бизге “эчки тууй албай жатып, койго аначы болот” дегендин зарылдыгы жок. Дегеним, утурумдук пайда үчүн улуттук кызыкчылыкты курмандыкка чалууга болбойт.

Алмазбек Темирбек

Последние новости