www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Айылдарды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасын расмий ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Good Neighbors International эл аралык уюму үч тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документ тараптардын кызматташтыгынын жаңы этабынын башталганын бекемдеди.

Расмий ачылыш аземинде долбоордун биринчи фазасынын негизги жыйынтыктары тааныштырылып, алдыдагы беш жылга карата стратегиялык максаттар жана өнүгүү пландары талкууланды.

Маалыматка ылайык, долбоордун экинчи фазасы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат. Демилге айылдык аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, айыл чарбасын, мал чарбачылыгын, кайра иштетүү тармагын жана логистиканы өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл тургундарынын кирешесин туруктуу жогорулатууга багытталган.

Белгиленгендей, бул долбоор биринчи фазанын түздөн-түз уландысы болуп саналат. Анын алкагында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, инфраструктураны жаңылоо жана айылдык үй чарбаларынын бакубаттуулугун арттыруу боюнча олуттуу натыйжаларга жетишилген.

Долбоордун экинчи фазасынын ишке кириши аймактардын агроөнөр жай потенциалын чыңдоого жана айылдык жамааттардын экономикалык туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Последние новости