www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Кыргызстандын жана Өзбекстандын агрардык тармактагы кызматташтыгы боюнча жолугушуу өттү.
Жолугушууга министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу жана Өзбекстандын айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Анварджанович Юлдашев катышты.
Тараптар эки өлкөнүн агроөнөр жай комплексиндеги учурдагы кызматташтыктын абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Жолугушууда күрүч өстүрүү, үрөнчүлүк, картошка өндүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун биргелешип сыноо, үрөн материалдары менен алмашуу жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле айыл чарба продукцияларын өз ара жеткирүү, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, илимий мекемелердин кызматташуусун күчөтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышуу болду.
Жыйынтыгында тараптар агрардык тармакта тажрыйба алмашууну кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү жана эки өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты.