www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сеул шаарында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кореянын электр энергетикалык корпорациясы (KEPCO) ортосунда энергетика тармагындагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документке Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков менен KEPCOнун корпоративдик улук вице-президенти Чанхёк Чон кол койду. Жолугушуу президент Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында өттү.
Тараптар электр энергетикасын санариптештирүү, электр энергиясынын жоготууларын азайтуу, интеллектуалдык эсепке алуу системаларын (AMI), энергияны сактоо системаларын (BESS) киргизүү, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана адистерди даярдоо багыттарын талкуулашты.
Маалыматка ылайык, KOICA ODA долбоорунун алкагында Бишкек шаарында CAS сервердик инфраструктурасы түзүлүп, 10 миң үй чарбасына AMI түзмөктөрү орнотулган.
Долбоордун кийинки этабында KETEP долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы дагы 125 миң үй чарбасына AMI түзмөктөрүн орнотуу пландалууда.
Алтынбек Рысбеков меморандум биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, алдыңкы технологияларды алмашууга жана Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.