www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 17-сентябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев «Газпром нефть Азия» компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мааракелик иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, коомдук-саясий ишмерлер, ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү жана компаниянын чет өлкөлдөгү өнөктөштөрү катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев компаниянын жамаатын мааракеси менен куттуктап, анын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымын белгиледи.
Анын айтымында, компаниянын ишмердүүлүгү күйүүчү май менен камсыз кылуу менен гана чектелбестен, заманбап тейлөө маданиятын өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.
Төрага компания мындан ары да Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды бекемдөөгө жана кыргыз-россиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө салым кошоруна ишеним билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы компаниянын алдыңкы адистерине парламенттин сыйлыктарын тапшырды.