www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бизнес-жолугушууга катышты.
Иш-чара кыргыз делегациясынын Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында өтүп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталды.
Жолугушууда Бакыт Төрөбаев Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатканын белгилеп, кытайлык компаниялар менен кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Биз кытай компаниялары менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз жана инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди ал.
Ошондой эле ал кыргыз-кытай мамилелери достук, өз ара урматтоо жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделгенин белгилеп, Кытай Кыргызстандын эң ири соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенине токтолду.
Расмий бөлүктөн кийин жолугушуу ачык диалог форматында уланып, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү кызматташтыктын жаңы багыттарын, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын алкагында кыргыз тарап транспорт, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана социалдык инфраструктура тармактарындагы бир катар инвестициялык долбоорлорду сунуштады.
Жолугушууга Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, ата мекендик бизнестин жана энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Шаньдун провинциясынын алдыңкы компаниялары менен ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын өз ара байланышын күчөтүү жана жаңы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишти.