www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тбилиси шаарында Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Грузиянын ички иштер министри Сулхан Левановичтин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
Тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, алдамчылыкка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана башка заманбап чакырыктарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле Грузиянын аймагында ишкердик менен алектенген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча кызматташуу маселелери каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Грузиянын укук коргоо системасын реформалоо, санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу багытындагы оң тажрыйбасын белгиледи. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул багыттагы натыйжалуу тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Анын ичинде «Коопсуз өлкө» долбоорун өнүктүрүү, заманбап техникалык каражаттарды киргизүү жана ИИМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын жана Грузиянын ички иштер министрликтеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.