www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлигинде бүгүн, 31-мартта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттарын талкуулашты.
Кыргыз-француз кызматташуусунун өнүгүүсүндө оң динамика белгиленип, саламаттык сактоо системасын модернизациялоого, заманбап технологияларды киргизүүгө жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган биргелешкен демилгелер ишке ашырылып жатканы айтылды.
Тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешип, анын ичинде медициналык инфраструктураны өнүктүрүү, инновациялык жана санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана кесиптик кызматташтык багыттарына өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну кеңейтүү жана конструктивдүү диалогду улантуу боюнча өз ара даярдык тастыкталды.