www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өлүм жазасын кайра киргизүү демилгеси бир топтон бери талкууланып келет. Бирок бул демилге өлкөнүн укуктук, эл аралык жана институционалдык системаларынын абалына байланышкан бир топ суроолорду жаратты.

Президент Садыр Жапаров сунуштаган Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү долбоору Конституциялык сотко жөнөтүлдү. Мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди (айрыкча Өлүм жазасын жоюу тууралуу Экинчи факультативдик протоколду) кайра кароого аргасыз болот. Сот кандай корутунду берери азырынча белгисиз.

Өлүм жазасын колдогондор аргумент катары аялдарга жана жаш балдарга коомдогу коркунучтуу кылмыштардын өсүшү менен түшүндүрсө, каршы чыккандар, Кыргызстандын тергөө, сот жана көзөмөл органдары бул деңгээлдеги жоопкерчиликти көтөрүүгө даяр эмес экенин белгилешет. 

Тилекке каршы, балдарга жана аялдарга каршы зомбулук фактыларынын көбөйүшү чыныгы кризистин белгиси экенин танууга болбойт. Бирок укук коргоочулар жазаны катаалдаштыруудан мурда мамлекет кризистик борборлорду, коргоо механизмдерин, эффективдүү тергөө структураларын жана жоопкерчиликти күчөтүү иштерин жолго коюшу керектигин айтып келишет. Алдыда Конституциялык соттун чечиминен соң элдик референдум өтүшү мүмкүн экени айтылууда.

Последние новости