www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргызстандын Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңиз портторуна түз чыгуу стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан – Кытай – Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук транспорттук каттамды ийгиликтүү ишке ашырды. 

Каттам Бишкектен башталып, Торугарт – Кашкар – Хунджераб – Исламабад – Карачи деңиз портуна чейин аткарылып, жалпы узундугу – 3 300 чакырымды түзөт.

Жаңы каттам Кыргызстан үчүн эл аралык логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тышкы соода жүгүртүүнү жандандырууга жана деңиз портторуна чыгууну камсыздоого өбөлгө түзгөн стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат.

ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 13-жыйынынын жүрүшүндө Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Альтамаш Вазир Хан бул жетишкендикти өзгөчө белгиледи.

«Өткөн жумада Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу унаа Пакистанга ийгиликтүү жетип барды. Эки өлкө министрликтери каттамдын бардык баскычтарында айдоочулар менен тыгыз байланышта болуп, тоскоолдуксуз жана ыкчам жүрүшүн камсыздашты», - деди Элчи Альтамаш Вазир Хан.

Маанилүү окуя эки өлкөнүн ортосундагы достуктун, өз ара ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүктүн дагы бир айкын далили болду. Тараптар бул ийгиликти бири-бирин куттуктоо менен белгилешип, мындан ары да транспорт, логистика жана соода тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Последние новости