www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын "КазТрансОйл" компаниясы Кыргызстанга ташылып жаткан мунайдын көлөмү көбөйгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдан кийин токтоп калган мунай жеткирүү быйыл ноябрь айында кайра жанданган. Компания ушул жылдын аягына чейин Кыргызстанга болжол менен 30 миң тонна мунай жөнөтүүнү пландоодо. Бул ири көлөм болбошу мүмкүн. Бирок ички рынок үчүн стратегиялык мааниге ээ. Учурда мунай иштетүүчү заводдор үзгүлтүксүз чийки затка муктаж.

Казакстандан келе турган мунай магистралдык куурлар аркылуу "Шагыр" мунай куюу пунктуна чейин жеткирилет. Ал жерден отун темир жол цистерналарына куюлат. Анан Кыргызстанда мунай иштетүүчү бир нече заводдорго жеткирилип иштетилет. 

Казакстандан Кыргызстанга мунай ташуунун кайра жанданышы бул жөн гана логистикалык жаңылык эмес, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү көрүнүш. Ошондой эле, Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыктын жанданып жатканын көрсөтөт.

Адистердин пикиринде, Казакстан менен энергетика тармагындагы кызматташтыктын жанданышы Кыргызстан үчүн альтернативдүү жеткирүү булактарын кеңейткен маанилүү кадам катары бааланууда. Бул дүйнөлүк мунай рыногундагы туруксуздук шартында баалардын кескин өсүшүнөн коргонууга жардам берет.

Последние новости