www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын суу-энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков, министрдин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков, энергетика министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле “Электр станциялары” ААКсынын жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсынын жетекчилери катышты.
Мындан тышкары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын өкүлдөрү да катышты.
Казакстан тараптан суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов жана энергетика вице-министри Санжар Жаркешов, ал эми Өзбекстандан суу чарба министри Шавкат Хамраев жана Улуттук диспетчердик борбордун директору Музафар Бобоев катышты.
Жолугушууну ачып жатып, министр Алтынбек Рысбеков Кыргызстан үчүн коңшу мамлекеттер менен суу-энергетика тармагындагы кызматташтык өз ара ишенимге жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө негизделгенин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар 2026–2027-жылдардагы вегетациялык жана күз-кыш мезгилдерине карата суу-энергетикалык системалардын туруктуу ишин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле энергетикалык объектилердин иш режимдерин координациялоо, макулдашылган графиктерди сактоо жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Токтогул суу сактагычындагы учурдагы кырдаалга байланыштуу тараптар анын суунун деңгээлин сактоо жана толтурууну биргелешип камсыз кылууга кызыкдар экенин билдиришти. Мындан тышкары, электр энергиясын өз ара жеткирүү жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча аракеттерди координациялоо боюнча макулдашууга жетишилди.
Жыйындын соңунда тараптар аймактык энергетикалык системанын туруктуулугун камсыз кылууда биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлуп, тараптар биргелешкен сүрөткө түшүштү.