www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстан 2026-жылга карата электромобилдерди жеңилдетилген шартта алып кирүү үчүн бөлүнгөн квотаны дээрлик толугу менен пайдаланды.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылга өлкө үчүн электр кыймылдаткычы бар 15 миң унаага жеңилдетилген импорттук квота каралган. Учурда анын 14 миң 14ү пайдаланылып, болгону 986 квота калды.
Жеңилдик Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасындагы 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддоруна кирген электромобилдерге тиешелүү.
Квота толук пайдаланылган соң, импорттолуучу электромобилдер үчүн бажы наркынын 15 пайыз өлчөмүндө алым алынары белгиленди.
Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды жана ишкерлерди электромобилдерди алып кирүүнү пландаштырууда квотанын абалын алдын ала эске алууга чакырды.
Белгиленгендей, 2025-жылы Кыргызстанга 10 миң электромобилге квота бөлүнүп, ал өткөн жылдын сентябрь айында толук пайдаланылган.