www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун жүрүүчү бөлүгүндө бир жерде туруп алып, катуу газ берип дөңгөлөктөрүн айлантып, автоээнбаштыкка мүнөздүү аракеттерди жасаган видео тарады.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган унаа аныкталган.

Айдоочуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, унаа айып короо жайына токтотулду.

ЖКККББ жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан жана коомдук тартипти бузган ар кандай аракеттер мыйзам чегинде бааланып, күнөөлүүлөр сөзсүз жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Последние новости