www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын делегациясы АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын (CT Week) иш-чараларына активдүү катышууда.

Делегацияны Кыргыз Республикасынын УКМКсынын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору генерал-майор А.Т. Эрбаев жетектеп, ал БУУнун мүчө мамлекеттеринин терроризмге каршы түзүмдөрүнүн жетекчилери үчүн уюштурулган IV жогорку деңгээлдеги конференцияга (29–30-июнь), ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын терроризмге каршы глобалдык стратегиясын кароо боюнча 9-пленардык жыйынына (1–2-июль) катышты.

Иш-чаралардын жүрүшүндө катышуучулар терроризмге каршы күрөштө көп тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн, аймактык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуунун маанисин белгилешти.

Генерал-майор Алишер Эрбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын пленардык жыйынында чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Глобалдык терроризмге каршы стратегиянын максаттарына берилгендигин баса белгиледи.

Ал өлкөнүн терроризмге каршы аракеттенүү, критикалык инфраструктураны коргоо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы жетишкендиктерине токтолду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Антитеррордук борбору БУУдагы Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын колдоосу менен критикалык инфраструктураны коргоо жана массалык иш-чараларда коопсуздукту камсыз кылуу темасында кошумча иш-чара (сайд-ивент) уюштурду.

Ошондой эле сапардын алкагында генерал-майор Алишер Эрбаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын жетекчиси, БУУнун Башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Александр Зуев менен жолугушуу өткөрдү.

Анда тараптар терроризмге каршы багыттагы кызматташууну кеңейтүү, тажрыйба алмашуу, техникалык жардам көрсөтүү жана Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары ишмердүүлүгүнө байланышкан демилгелерди талкуулашты.

Кыргыз тарап БУУнун алкагындагы эл аралык коопсуздук демилгелерине мындан ары да активдүү катышууга даяр экендигин билдирди.

Последние новости