www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдөгү жылуулук жана ысык суу түтүктөрүн тейлөө үчүн ай сайын төлөнүүчү кызмат акысы жогорулады. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы тарифтер Энергетика министрлигинин буйругунун негизинде 1-июлдан тарта күчүнө кирди.
Жаңы тартип боюнча, эми батир ээлери тейлөө үчүн төлөмдү батирдин аянтына жараша төлөшөт:
• үй ичиндеги жылытуу түтүктөрүн тейлөө үчүн — ар бир чарчы метрине айына 1,59 сом;
• үй ичиндеги ысык суу түтүктөрүн тейлөө үчүн — ар бир чарчы метрине айына 0,79 сом алынат.
Ишкана бул өзгөрүү көп кабаттуу үйлөрдүн ички инженердик түйүндөрүн тейлөө жана эксплуатациялоо чыгымдарына байланыштуу экенин белгиледи.