www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Панаманын түштүгүндө магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) билдирди.
Жер титирөө өлкөнүн түштүк четиндеги Питалоса-Арриба районунда катталып, анын очогу болжол менен 10 чакырым тереңдикте болгон.
Жер силкинүү Панама шаарынын борборунда, ошондой эле Коста-Риканын борбору Сан-Хоседе сезилген.
Жер титирөөдөн кийин Тынч океандын чыгыш бөлүгүндөгү жээк райондору үчүн цунами коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланды. Толкундар жээкке үч сааттын ичинде жетиши мүмкүн деп күтүлүүдө. Эскертүү Мексика, Гватемала, Сальвадор, Никарагуа, Коста-Рика, Панама, Колумбия, Эквадор жана Перунун жээктерине тиешелүү.
Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.